Коом

Кыргызстан менен Бангладеш биргелешкен IT-ишканаларды ачууну караштырууда

Кечээ, 13-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бангладештин тышкы иштер министри Абдул Момен менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин VI Саммитинин алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл IT-секторунда, текстиль жана тигүү тармагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө, туризмди өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды түзүүгө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө бурулду.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстандын ВСП+ макамы бар экенин, анын жардамы менен Европа биримдигине кирген өлкөлөргө менен Кыргызстан 6 миңден ашуун товардык позициялар боюнча кошумча төлөмсүз экспортоого мүмкүндүгү бар экенин белгилеп, Бангладеш тарапты ВСП+ макамынын жеңилдиктерин колдонууну карап чыгууга чакырды.

Бангладеш тарап өз ара пайдалуу кызматташууга даярдыгын билдирип, эки мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн өз ара ачууну сунуштады.

Эки тарапты тең кызыктырган актуалдуу эл аралык кѳйгѳйлѳр боюнча да пикир алмашуу болду. Министр Ж.Кулубаев 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын талапкерлигин колдогондугу үчүн Бангладеш тарапка ыраазычылык билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button