Коом

16-июнда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

16-июнда саат 10:00дөн 13:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилерине ичүүчү суунун берилишинде убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.

Суу өчүрүлө турган аймактар:

Ала-Арча дарыясы; темир жол линиясы;

Жибек Жолу, Манас жана Дэн Сяопин проспектилери;

Жаш Гвардия бульвары;

Фрунзе, Бөкөнбаев, Кулиев, Москва, Пишпек, Фучик жана Казаков көчөлөрү.

Маалыматка ылайык, суу берүү «Батыш-2» суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо жана алдын алуу иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын жана мекеме-уюмдарды алдын ала ичүүчү сууну камдап алууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button