Коом

Чолпон-Ата ат майданында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

Чолпон-Ата ат майданында капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Министр Нурдан Орунтаев ат майданда жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мында объекттин негизги бөлүктөрү жаңыланууда. Тактап айтканда, VIP-зона, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик жайлар, жер төлө бөлүгү жана унаа токтотуучу жайлар капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Ошондой эле кире бериш аймагындагы кафель жабуулары алмаштырылып, инженердик тармактар толугу менен жаңыртылууда.

Учурда курулуш-монтаждоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Министр объекттеги иштердин сапатына жана курулуш темпине өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, иштердин жүрүшү Курулуш министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button