Баткенде милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттер менен жолугушту

Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Баткен облусунун аймагында жайгашдин арасында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган кезектеги жыйын болуп өттү. Баткенде Өзбекстан өлкөсүнөн келген студенттер окушат. Милиция кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алуу максатында аларга Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний экстремизм жана терроризм боюнча кенен түшүндүрмө беришип, мыйзамдуулукту сактоо, өзүн алып жүрүү  нормаларын сактоо, жергиликтүү элдин салт-санааларын урматтоо, террордук-экстремисттик агымдардан алыс болуу жана улут аралык достук мамилени чыңдоо үчүн жаман көрүнүштөргө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынга келген чет өлкөлүк студенттерге видеороликтер аркылуу маалыматтар көрсөтүлдү. Жыйын суроо-жооптор менен уланып, келген студенттердин кызыктырган суроолоруна милиция кызматкерлери жооп беришти. Баткен облусунун аймагындагы чет өлкөдөн келген студенттердин укуктарын коргоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары түшүндүрүлүп, укук бузуулардын жана кылмыш иштерин жасабоосу эскертилип, алдын алуу иштери күчөтүлүп жатат.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы