Сасык тумоодон кантип сактануу керек?

Кыргызстанда сасык тумоонун мезгилдик өсүшү белгиленүүдө. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, өткөн жумада республика боюнча 9262 КРВИ жана 62 сасык тумоо учуру катталган. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Респиратордук инфекциялардын спецификалык эмес алдын алуу:

— бет кап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;

— респиратордук гигиенаны сактоо;

— жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;

— үшүп калууга же дененин ысып кетишине жол бербөө;

— өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;

— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);

— балада оорунун белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз;

— окуу жана эс алуу режимин сактоо, чаалыкпоо, таза абага көп чыгуу, жетиштүү убакыт уктоо жана толук кандуу тамактануу;

— таңкы көнүгүүлөрдү аткаруу жана дене тарбия менен алектенүү. Сасык тумоонун белгилери пайда болгондо медициналык жардам үчүн алгач үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.