Пайдалуу кеңештер

Дарыгер ысыкта сыра жана алкоголдук ичимдиктер менен салкындоонун кооптуулугун эскертти

Ысыкта сыра жана башка алкоголдук ичимдиктер менен сергүүгө аракет кылуу организмдин ысып кетүү коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу «СМ-Клиникасынын» гастроэнтеролог дарыгери Елена Бутенко «Лента.ру» басылмасына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, алкоголь организмге киргенден кийин нерв системасынын ишине байланыштуу бир катар реакциялар жүрөт. Этанолдун таасиринен адреналин жана норадреналин сыяктуу нейромедиаторлордун бөлүнүп чыгышы күчөйт. Бул жүрөктүн тез согушуна жана кан тамырлардын кеңейишине алып келет. Натыйжада адам денеси жылынып, ысып жаткандай сезилет.

Бирок дарыгер белгилегендей, бул таасир убактылуу гана болот. Алкоголдун көлөмү көбөйгөн сайын кан тамырлардын реакциясы өзгөрүп, кан айланууга терс таасирин тийгизет. Алгач кеңейген кан тамырлар кийин түйүлүп, ички органдардын кан менен камсыз болушу начарлайт.

Ушуга байланыштуу адис муздак сыра же шарап дагы организмди салкындатат деп ойлобоого чакырды. Тескерисинче, ысык аба ырайында мындай кошумча жүк адамдын абалын начарлатышы мүмкүн.

Гастроэнтерологдун айтымында, кан тамырлардын кеңейиши көп учурда баш ооруну жаратат. Ал эми айлана-чөйрөнүн температурасы жогору болгондо организмдин ысып кетүү коркунучу дагы күчөйт.

«Адам өзүн муздап жатам деп ойлошу мүмкүн, бирок чындыгында анын организми үчүн дене температурасын нормалдуу деңгээлде кармоо кыйындайт. Натыйжада ысып кетүү жана күн өтүп кетүү коркунучу жогорулайт», — деди адис.

Тектеш кабарлар

Back to top button