Абанын булганышы кандай ооруларды пайда кылышы мүмкүн. Тизме

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева булганган абадан дем алган адамдар кандай ооруларга чалдыгышы мүмкүндүгүн айтып берди.

Ал COVID мезгилинде кайрылгандар аз болгонун эске алып, так маалымат алуу үчүн 2018-жылдагы статистика менен 10 жыл мурунку цифралар салыштырылганын белгиледи.

Ага ылайык, 14 жашка чейинки балдарда аллергиялык ринит (мурундун былжыр челинин сезгеничтүү дарты) оорусу 2,1 эсе, бронхит астмасы 1,7 эсеге көбөйгөн.

Чоңдордун арасында рак оорусу 1,1, дем алуу органдарынын оорулары 1,3, аллергиялык ринит 2,2 эсеге өскөн. Өтүшүп кеткен фарингит илдети 1,3 эсеге көбөйгөн.

Арыкова аталган оорулардын пайда болушуна абанын булганышы түздөн-түз таасир этпей турганын, анын бир себеби гана болушу мүмкүндүгүн эскертти.