Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалганын анын басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

«Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды. Операция ийгиликтүү өттү. Биринчи президенттин өмүрүнө эч кандай коркунуч жок. Операция улуттук илимий кардиохирургиялык борбордо өттү», — деп жазды ал.