КоомПайдалуу кеңештер

Эмне үчүн аэропорттон чемоданды таңгактап өтүү керек?

Эмне үчүн бир жакка учуп жаткан жүргүнчүлөр чемоданын же сумкаларын пленка менен таңгакташы керек? 

Таңгактоонун төмөнкүдөй артыкчылыктары бар:

чемодандын бети чийилип, тытылып жана суюк нерселердин агып кетүүсүнөн сактайт;

чемодан тыкан жана жарашыктуу көрүнөт;

таңгакталган чемоданды/сумканы тез жана байкатпай ачуу мүмкүн эмес. Бул өзгөчө сырткы чөнтөккө салынган буюмдарды уурдап кетүү тобокелчилигин азайтат;

рейстин номери, ээсинин фамилиясы жазылган бирка таңгакталган пленкага жакшы чапталат, ал жүктүн жоголуусуна жол бербейт;

таңгакталган чемоданды катуу ыргыткан же кулаган учурда ачылып кетпейт, ичиндеги буюмдар сынбайт. Ал эми кездемеден тигилген чемодандар жыртылбайт.

Ошондой эле жүктү аэропортко баргандан кийин гана таңгактоо сунушталды.

«Аэропорткө киргенде жүктү көзөмөлдөгөн кызматкерлер ичинен шектүү нерсени көрсө аны алып чыгып көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай кырдаалда жүргүнчү пленка оролгон болсо дагы жүктү ачып көрсөтүшү керек. Бул ашыкча чыгымга кептеп, өзүңүздүн жана контролдук аймактын кызматкерлеринин да убактысын аласыз. Эгер үйдөн чемоданды таңгактап чыгам десеңиз, алдын ала тыюу салынган же өзүңүзгө керектүү буюмдарды алып салыңыз. Эгерде пленка менен орогуңуз келбесе, чемоданды коргоо үчүн атайын ылайыкташкан кап сатып алганыңыз оң», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button