КоомМаданият

Курсант Абдрахманов “Манас” театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Курсант Абдрахманов Кыргыз улуттук “Манас” театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Абдрахмановду аталган кызматка дайындоо боюнча Маданият министрликтин буйругу 1-мартта чыккан.

Жаңы дайындалган жетекчини чыгармачыл жамаатка маданият, маалымат, cпорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу тааныштырды.

Курсант Абдрахманов 1971-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Миң-Булак айылында туулган.

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин драма жана кино актёрлук адистигин аяктаган.

Буга чейин Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрынын көркөм жетекчиси, Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-көл облустук музыкалык драма театрынын директору болуп иштеген.

«Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган жана бир катар сыйлыктардын ээси.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button