КоомОкуялар

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кайрадан кармалды

Бул ирет ал Жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси болуп турганда пайдалуу кени бар жерге лицензия берүүнү убада кылып, 50 миң доллар алган деп айыпталууда. 

УКМК ал убадасын аткарбаганын жана акчаны дагы кайталып бербегенин кабарлады. 

Мурдагы вице-премьер 2017-жылы Сооронбай Жээнбековдун инаугурация күнүндөгү бомба жаңжалынан кийин кызматынан ажыраган. Анда ал ИИМдин курсантына өкмөттүк трассанын жанына бомба коюлганын айткан. Кийинчерээк сот аны 3 жылга шарттуу түрдө кескен. 

2018-жылы ал мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. Чиновник 9 жылга эркинен ажыратылып, 2021-жылы өкүм жокко чыгарылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button