Бишкектеги салондон акча талап кылып кармалган Биринчи май РИИБдин кызматкерлеринин видеосу чыкты

Жакында 2023-жылдын 24-мартында Биринчи май РИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн айрым кызматкерлери массаждык салондордун ээлеринен аларды “калкалоо үчүн” системалуу түрдө опузалап акча алуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган эле.

Биринчи Май РИИБдин айрым кызматкерлери кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барып, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан массаждык салондордун ээлеринен акча каражаттарын алуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы аныкталган.

Алар борбор калаанын массаж салондорунда негизсиз рейддерди жүргүзүшкөн, негизги максат катары аларды “калкалоо үчүн” ай сайын акы алып туруу болгон. Акынын баасы 500дөн 1000 АКШ долларына чейин болгон.

Белгилей кетсек, массаждык салондордун ээлери менен Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы өзү сүйлөшүп, өзүнүн кызмат абалын колдонуп, иштеп жаткан бизнесин мажбурлап жабуу менен коркутуп, ай сайын “акы төлөө” шартын койгон.

КР УКМК жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен жапа чеккен адамдарды кайрылууга чакырат, берилген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик берилет.