Пайдалуу кеңештер

Кургак шампунь онкологиялык ооруларды күчөтөбү? Адистин пикири

Курамында бензолу бар кургак шампундар онкологиялык оорулардын курчуп кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Буга байланыштуу мындай каражаттарды көп колдонуу сунушталбайт. Бул тууралуу РФтин Блохин атындагы Улуттук медициналык онкологияны изилдөө борборунун илимий кызматкери Игорь Смойленко билдиргенин РИА Новости жазды.

“Бензол түрдүү шишиктерди чакырышы мүмкүн. Дем алганда организмге кирсе дем алуу органдары менен ашказан шишигин, териге тийгенде тери шишигин пайда кылат”, — деди ал.

Смойленко кургак шампундун курамында бензол бар экени көрсөтүлсө аны колдонууну азайтып же такыр эле баш тартуу керек экенин белгиледи. Адис суюк шампундарда бензол колдонулбагандыктан коопсуз экенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button