Коом

Таласта сүттүн арзандаганына нааразы болгондор митингге чыкты

Облустук акимчиликтин имаратынын алдына ондогон адамдар, негизинен аялдар чогулду. Сүттүн баасы арзан болгондуктан, уйларды кармоо пайдасыз болуп калганын айтышууда. 

Митингдин катышуучуларынын бири сүттүн литри 25 сом, ал эми дүкөндөрдө бир бөтөлкө суу 30 сом экенин айтып, мисал келтирди.

Чогулгандар ветеринардык кызматтын өкүлүн укпай, Садыр Жапаровго кайрылууну көздөшүүдө. Буга чейин мындай нааразылык акциялары Чүй облусунда болгон.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button