Саякаттоонун психологиялык жактан кандай пайдасы бар?

Саякаттоо бизди жашоодогу күтүлбөгөн окуяларга сабырдуу болууга жана ага акыл-эстүү жооп берүүгө үйрөтөт. Саякат аялда бактылуулук гормонун пайда кылат.

Аял күнүмдүк жашоодогу милдеттерди аткарып жатып андан тажайт. Бул анын мотивациясынын жоголушуна алып келет. “Жумуш – үй, үй – жумуш” деп эле жүргөндө аң-сезим жалкоо болуп, алсырап, стресске кептелет. Эгер аял саякатка чыга турган болсо, ал организмдин эмоционалдык абалына оӊ таасир этет. Нерв системасы активдешип, организмдеги бардык процесстер ойгонот. Натыйжада бардык сезимдер ого бетер жандуу, түстүү боло баштайт.

Саякат бул жөн гана жер көрүү эмес. Саякатка чыкканда бизден талап кылынганды эмес, каалаганыбызды жасоо мүмкүнчүлүгү болот. Көп адамдар саякатка чыкканда кескин өзгөрөт. Каалаган көз карандысыздыкка, эркиндикке ээ болгондуктан, алар күч-кубаттын толкунун сезип, жаңы нерселерди жаратуу каалоосу ойгонот. Саякат — өзүн-өзү тарбиялоонун эң мыкты жолу. Биз адаттан тыш маданият, башка шаарлар, жергиликтүү тургундар менен таанышканыбызда ички дүйнөбүз байып, көз карашыбыз, дүйнө таанымыбыз кеңеет. Саякаттоо бизди жашоодогу күтүлбөгөн окуяларга сабырдуу болууга жана аларга акыл-эстүү жооп берүүгө үйрөтөт.

Ал балдар энеден тарбия алгандыктан аял өзүн өнүктүрүп, көптү көрүп, үйрөнгөнү маанилүү экенин, аялдын эмоционалдык фону жалпы үй-бүлөгө пайда алып келет.