Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат

Президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда эки өлкөнүн өкмөт башчылары жылдын экинчи жарымында өткөрүү пландалган эки тараптуу иш-чаралар боюнча пикир алмашты.

“Атап айтканда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун расмий иш сапары, Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги 11-жыйыны, Кыргыз-казак аймактар аралык форумунун биринчи отуруму сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган”, – деп айтылат маалыматта.