Коом

ВИДЕО: Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармаган жергиликтүү тургун кармалды

24-майдан 25-майга караган түнү, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери Ысык-Көл акваториясында рейд жүргүзүп жаткан учурда Түп районунун Михайловка айылынын жанындагы жээктен бир жигитти байкашкан.

Жаран көлдүн үстүнөн резина үйлөмө кайык менен сүзүп, мыйзамсыз балык улоо менен алектенип жатканы аныкталган. Текшерүү учурунда, кармалган Михайловка айылынын 26 жаштагы Х.С. аттуу тургунунан 2 даана синтетикалык балык тору, 46 даана мыйзамсыз кармалган балык, анын ичинен 39 даана «Судак» балыгы жана 7 даана «Сига-Людога» балыгы табылып алынган.

Бул факт боюнча материалдар Түп райондук Ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button