Лейлекте Ташиевдин катышуусунда туу көтөрүү аземи болуп өттү

Кечээ, 28-май күнү чек арага чектеш Максат айылында мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болуп өттү. Аземге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Рахманкулов, облустук, райондук жетекчилер, Максат айылынын тургундары катышты.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Камчыбек ТашиевМаксат айылынын элин «баатыр эл» деп атап, мамлекет тарабынан элдин тынчтыкта жана жакшы шартта жашоосуна бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп өттү жана туубуздун түбөлүккө желбирешин каалады. Бул иш Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын демилгеси менен башталып, демөөрчүлөр, жеке ишкерлер ЫсманалиЖороев, Адылбек Абдыкадыровдункаржылоосу менен ишке ашты.
Орнотулган туу кармагыч мамынын узундугу 40 метр, туунун узуну 10 метр, туурасы 6 метр болуп жасалган.



