Кыргызстан менен Мальдивдин жарандары 30 күндүк мөөнөт менен визалык талаптардан бошотулду

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган КР министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду (26-май 2023-жылы № 109).

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 3-майында кабыл алынган.

Аталган мыйзамда тараптардын макулдашуусуна ылайык Кыргызстандын жарандары – дипломатиялык, кызматтык, жарандык паспорттордун, ошондой эле Кыргызстанга кайтып келүү жөнүндө күбөлүктүн ээлери жана Мальдив Республикасынын жарандары – дипломатиялык, расмий, жарандык паспорттордун, ошондой эле убактылуу жол жүрүү документтеринин ээлери тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүү, кетүү, транзиттик жана убактылуу болуу үчүн, эгер ал жакта болуунун ар бир мезгилинин узактыгы алар кирген учурдан тартып 30 күндөн ашпаса, визалык талаптардан бошотулат.