УКМК: КР Жасалма Шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды

КР УКМК тарабынан чет элдик жарандарды туристтерге жамынтып, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Батыш Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу боюнча эл аралык каналдын уюштуруучуларынын иш-аракеттери аныкталып, ага бөгөт коюлду.

2023-жылдын 30-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалма Шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды жана мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларынын аракеттеринен жабыр тарткан 40тан ашык чет элдик жаран такталды.

Азыркы учурда мыйзамсыз иш-аракеттердин эпизоддору жана жасалма документтерди даярдоого, сатууга тиешеси бар адамдар аныкталууда.