Кыргыз-иран өнүктүрүү фондун түзүү пландалууда

Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков өлкөнүн Улуттук өнүктүрүү фондунун чет элдик инвестициялар боюнча вице-президенти менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анда тараптар экономиканын деңгээлин көтөрүү жана инвестициялык кызматташтыкка багытталган иштерди жүзөгө ашыруу максатында иран тарап эки жана көп тараптуу инвестициялык долбоорлор менен иштөөнү сунуштаган. Ошондой эле алар транспорт, логистика, айыл чарба, мал чарбасы жана башка тармактар боюнча биргелешкен жумуштарды жасоого даярдыгын билдирген.

Өз кезегинде Сыдыков айтылган сунуштарды колдоп, жогоруда белгиленген долбоорлорду Кыргызстанда жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз-иран өнүктүрүү фондун түзүү процессин тездетүү зарылчылыгын айткан. Андыктан көп создуктурбай тиешелүү меморандумдун долбоорун кол коюуга даярдоо зарыл деп эсептейт.

Жыйынтыгында бул маселе боюнча жакынкы күндөрү эки өлкөнүн жооптуу ведомстволорунун эксперттеринин онлайн-жолугушуусун өткөрүү макулдашылды.