Индияда поезддер кагышып, 288 адам каза болду

Индиянын Одиша штатында поезддин кагылышынан каза болгондордун саны 288 адамга жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

Буга чейин Indian Express 233 адам каза болуп,  900 адам жаракат алганын билдирген.

Поезддер жума күнү Баласор шаарына жакын жерде кагылышкан. Темир жол жетекчилигинин жаңыланган маалыматына караганда, Калькуттадан Ченнайга бараткан жүргүнчү поездинин 10-12 вагону жүк ташуучу поезд менен кагылышып, рельстен каршы жолго чыгып кеткен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин дагы бир жүргүнчү поезди аларды сүзгөн. Кесепетинен дагы үч-төрт вагон рельстен чыккан.