Коом
Кыргыз-кытай бизнес форумунда 1 млрд. доллардан ашык келишимдерге кол коюлду

Анын арасында Кыргызстандагы бир нече көмүр кендерин биргелешип казууга макулдашышты. Кеп «Ак-Улак», «Беш-Бурхан», «Тегене», «Торугарт», «Торугарт-1», «Каракабак-Балыкты», «Сүлүктү-11 аянтча» кендери жөнүндө болуп жатат.
Кытайга ташып чыгуу үчүн “Торугарт” менен “Эркеч-Там” өткөрүү пунктуларына жакын жерге көмүр логистикалык борборлорун куруу каралган.
Ошондой эле өлкөдөн бал, эт жана балык экспорттоого кол коюлду. Кытайлык компания Кыргызстанда электробустарды чогултуу заводун курууга ниеттенүүдө.
Акылбек Жапаров ишкерлерди тыгыз кызматташтыкты жөнгө салууда бир дагы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого чакырды.



