Өкмөт бир катар айылдардын аталышын өзгөртүүгө белсенди

Сунушталган долбоор:

Баткен облусунун Көтөрмө айыл аймагы — Молдо Нияз.

Жалал-Абад облусунун Назаралиев айыл аймагы — Үч-Коргон.

Ысык-Көл облусунун Семенев айыл аймагы — Кожояр.

Жалал-Абад облусунун Деш айылы — Тынчтык.

Жалал-Абад облусунун Дукур айылы — Достук.

Жалал-Абад облусунун Чек айылы — Ынтымак.

Ысык-Көл облусунун Комсомольское айылы — Кытай.

Ысык-Көл облусунун Семенов айылы — Кожояр-Ата.

Министрлер кабинети мыйзам долбоорунун максаты улуттук идеологияны бекемдөө жана айылдарга өткөн замандагы жана бүгүнкү күндөгү белгилүү аталыштарды ыйгаруу экенин белгиледи. Чечим жергиликтүү тургундардын жыйындарында кабыл алынган.