Дүйнө чемпиондугу: Эркин күрөш боюнча курама Олимпиадага жолдомо ала алган жок

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Белградда (Сербия) өткөн дүйнө чемпиондугунда өз оюнун жыйынтыктады. Бул тууралуу Sport АКИpress жазды.

Сербияда өткөн турнирде Париждеги олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн күч сынашты. Бул үчүн олимпиадалык категорияда ТОП-5ке кирүү керек болчу. Кыргызстандан 5 спортчу олимпиадалык жолдомо үчүн ат салышкан, бирок алардын бири да ТОП-5ке кире алган эмес.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасынын лицензия алуу үчүн дагы эки мүмкүнчүлүгү бар. Ал 2024-жылы апрелде Бишкекте өтө турган Азия турнири, ошондой эле 2024-жылдын май айында Стамбулда (Түркия) өтүүчү дүйнөлүк тандоо турнири.