Коом

Жалал-Абадда жер көчкү жүрүп, жол жабылды

Жалал-Абад облусундагы Кашка-Терек — Катраңкы унаа жолунун 17+500-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Көчкү бүгүн, 27-сентябрь күнү таңкы саат 05:00-06:00 чамасында жүргөн. Көлөмү болжол менен 150 миң метр куб деп айтылууда. Учурда ӨКМ кызматкерлери аталган тилкеде мониторинг жүргүзүп жатышат. Уруксат берилери менен № 52 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери башталат. Топтолгон унаалар жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button