Кыргызстандык 55 жаштагы электромонтер аял Стамбул марафонунан 3-орунду ээледи

Жамилия Орозова 42 чакырым аралыкты 4 саат 8 мүнөттө чуркап өтүп, финишке жеткен. Натыйжада 55-59 жаштагы аялдар категориясы боюнча байге алды. 

Ал Чүй электр тармактары ишканасында эмгектенет.