Коом

УКМК: Лейлек районунда контрабандалык товарларды ташыгандар кармалды — ФОТО

2023-жылдын 28-ноябрында Баткен облусунун аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын кызматкерлери жана УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте төмөнкү контрабандалык товарлар кармалган:

— Лейлек районунун Жаңы-Жер а/а Жаштык айылынын аймагында 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны, Жаштык айылынын тургуну О.Б.С. кармалды, ал кармалган адам, кошуна мамлекеттин жарандары менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргыз Республикасынын аймагына кара металлды (жезди) мыйзамсыз алып өтүшкөн, аларды Мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын бойлото жайгашкан кампаларда убактылуу сактап, кийин Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды кайра сатууну көздөшкөн. Жүктүн жалпы салмагы 232 кг түзгөн;

— Лейлек районуна караштуу Кулунда а/а Ак-Арык айылынын, Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттин ортосундагы Мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын, «Флагстая» участкасында, таза кандуу делген эки жылкыны Кыргыз Республикасынын аймагынан мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган,  Лейлек районунун Кулунду айылынын тургуну 1993-жылы туулган Ж.Н.Ж. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган. Жылкылардын болжолдуу суммасы 300 миң сомдун тегерегинде болгон;

— Лейлек районунун Жаңы-Жер а/а Достук айылынын аймагында, Лейлек районунун Кулунду а/а Булак-Башы айылынын тургуну, 1999-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны М.у.Б.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кармалган. Автоунаанын жүк бөлүгүн текшерүү учурунда эч кандай коштоочу документтери жок 3 тонна көмүр табылган. Кармалган унаа жүгү менен, жагдайлар такталганга чейин Жаңы-Жер чек ара постунун аймагына убактылуу токтотулган.

Аталган фактылардын негизинде УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button