Коом
“Салык чек” лотереясы ойнотула баштады. Байге утканыңызды кантип билесиз?

Утуштар учурда Салык кызматынын социалдык баракчаларында түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Эгер аны көрө албай калсаңыз, байге утканыңыз тууралуу ККМ чек чогулткан тиркемеңизге кабарлама келет. Ошондой эле аты-жөнүңүз ведомствонун сайтына жарыяланат.
Жалпысынан 1 242 байге коюлган. 30-декабрга чейин күн сайын жеңүүчүлөр аныкталып турмакчы. Оюнга 409 миң адам 18,2 миллионго чукул лотереясы менен катышууда.



