Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Gobon Group кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана Gobon Group «Кыргыз Республикасындагы соода-экономикалык аймак» долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Долбоор сооданы, көргөзмө ишмердүүлүгүн, продукцияны кайра иштетүүнү, кампа логистикасын жана тиешелүү инфраструктураны бириктирген заманбап көп функционалдуу соода-экономикалык аянтчаны түзүүнү карайт.

Долбоордун алкагында соода-көргөзмө, өндүрүштүк, кампа-логистикалык жана ишкердик инфраструктураны түзүү пландаштырылууда. Сунушталган концепцияга ылайык, долбоор толук пайдаланууга берилгенден кийин 10 миңге жакын жумуш ордун түзүү күтүлүүдө.

Меморандумга кол коюу инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын чыңдоого багытталган.



