Коом

Бишкек мэри шаардагы автотыгын маселесин чечүүнүн үч жолун айтты

Февралга чейин онлайн режимде тыгынды жоюп турчу “акылдуу светофорлор” орнотулат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн россиялык Sitronics компаниясы менен келишим түзүлдү. Жол чырактары февралдан тарта ишке кирет.  

▪️ автоматташтырылган (QR-код менен төлөнөт) жана көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар. Жогоруда аталган компания кызматын сунуштаган, азыр тесттик режимде ишке кирди. Бишкектин борборунда унаа токтотуучу жайлар кымбатыраак болот. Көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу үчүн инвесторлорго жерди ижарага алууда жеңилдик берүү каралат.  

▪️ транспорт агымын жеңилдете турган кесилиштер. Кытай грантынын эсебинен кесилиштер төрт жерге курулат. Ошондой эле төрт көпүрө салынмакчы. Темир жолду жылдырбай, бул көйгөйдү эстакадалык көпүрөлөрдү куруу менен чечүү каралып жатат.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button