Мен келип жасашым керекпи?» Ташиев Жалал-Абаддагы стадиондун башчысын урушту

УКМК төрагасы оюн талаасынын айланасын мышык ыйларлык деп сыпаттап, тез арада тазалап-жыйноого тапшырма берди. Аны менен катар мурда менчикке өтүп кеткен стадиондун жерлеринин баарын кайтарууну буюрду. Анын арасында Бакиевдерге таандык кафе дагы бар.
Камчыбек Ташиев стадиондун айланасындагы чарба иштерине дагы сын айтып, бир катар кемчилдиктерге токтолуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.
“Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп жаңы технология менен гибриддик оюн талаасы (жасалма жана табигый газондун айкалаштырып өстүрүү) салынып жатат. Бул өтө кымбат, ошол эле учурда технологиялык жактан эң акыркы үлгүдөгү талаа болот. Анан бардык деңгээлдеги эл аралык мелдештерди өткөрө алабыз”, — деди Камчыбек Ташиев.
Ал оңдоо иштерин апрелге чейин бүткөрүүгө тапшырма берди. Бул үчүн 40 миллион сом керектелет, каражатты демөөрчүлөр берери айтылды.



