Коом
Элиталык үйлөрдө жашагандарга светтин тарифин кайра кароо пландалууда

Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев алар электр энергиясы менен жылуулукту өздүк наркында ала тургандай болорун билдирди.
“Негизи өздүк наркы жогору турат, бирок Бишкекке электр жана жылуулук энергиясын социалдык тариф боюнча берип жатабыз. Азыр варианттарды айтпай эле коёюн, бирок чоң, элиталык үйлөрдө жашагандар өз наркында алганга алып барабыз. Ал эми аялуу катмардагы кембагалдар социалдык коргоого алынат”, — деди ал «Биринчи радионун” эфиринде.
Ал мындай тариф жакын арада киргизилбей турганын белгиледи.
“Тарифтик саясатты сөзсүз өзгөртүш керек, ушул туура болмок. “Комфорт үчүн төлөш керек” деп айтат эмеспи”, — деди аткаминер.



