Ошто чет элдик студент соода маркетинен 5,3 млн сом уурдады деген шек менен кармалды

Ал каражатты долларга алмаштырып 37,5 миңин мекенине которуп, 1600 долларды өзү билим алган медициналык университеттин окуу акысына төлөгөн. Калган 819 миң сомун коротуп бүтө электе колго түшкөн. 

Милиция билдиргендей, 27 жаштагы С.Б. жеңил шаты көтөрүп барып дүкөндүн 2-кабатындагы терезенин тосмосун болгарка менен аралап кирген. Анан биринчи кабатка шыпты бузуп түшкөн.  

Шектүү 10 күндөн кийин Оштон кармалды.