Коом
Мэрия жаңы алынган автобустар тынбай кырсыктап жатканына тынчсызданууда

Бул боюнча Транспорт департаментинде жыйын өтүп, директордун орун басары Алмаз Алымбеков айдоочуларга чара көрүү механизмин иштеп чыгуу тапшырмасын берди.
“Жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлебей, эрежени сактабай, жол кырсыктарына себепкер болуп, мамлекеттин мүлкүн зыянга учуратып жаткан айдоочулардын жоопкерчилигин карап чыгып, иштен кетирүү зарыл. Шаар тургундарынын талабы ушундай болууда”, — деди Алымбеков.
Ошондой эле жүргүнчүлөргө талон бербей, орой мамиле кылып, акыркы аялдамага чейин жеткирбей, жолдон түшүрүп салып жаткан учурлар да болуп жатканы айтылды.



