
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков 3-апрелде Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн комиссияны демилгечи мандатын тапшырып кеткенине байланыштуу жоюуну сунуштады.
Ал эми депутат Улугбек Ормонов комиссия ишин улантып, маселеге чекит коюшу керектигин айтты. Ал Жусупбек Коргонбай уулу башка маселе боюнча мандатын тапшырганын эске салды.



