Коом

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин жыйыны: Жаңы дайындоолор жана пенсия маселелери талкууланууда

Бүгүн, 2024-жылдын 26-июнунда, милициянын отставкадагы полковниги Бакыт Сейитовдун жетекчилиги астында Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңешинин жыйыны болуп, анда маанилүү иш-чаралар жана чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын биринчи бөлүгүндө, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин мурунку төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаевди ардактуу эс алууга узатышты. Ал көп жылдар бою ИИМдин ардагерлеринин кызыкчылыктарын коргоп, ишке берилгендик менен кызмат кылган. Ага эмгекке кошкон салымы үчүн ыраазычылык сөздөр айтылып, акчалай сыйлык да ыйгарылды.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө, ардагерлердин пенсиясын жогорулатуу маселелери талкууланып, катышуучулар өз өмүрүн ички иштер органдарында арнаган кызматкерлерге социалдык кепилдиктерди жана колдоолорду жогорулатуу зарылдыгын белгилешти. Андан сырткары, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин Жобосуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ведомстволук ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча дагы сунуштар талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө кеңештин төрагасынын жаңы орун басарлары жана жооптуу катчы, текшерүү комссиясынын мүчөлөрү шайланды. Бул кызматтарды буга чейин жигердүү иш менен далилдеген кадырлуу жана тажрыйбалуу ардагерлер ээледи. Алардын талапкерликтери жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен колдоого алынды.

Ардагерлер кеңеши ошондой эле келечектеги мерчемдерин талкуулашты. Анда, жакынкы келечектеги артыкчылыктуу милдеттердин катарында ИИМдин ардагерлеринин жашоо шартын жакшыртуу жана социалдык жактан камсыз кылуу боюнча иштерди улантуу, ардагерлер коомчулугунун өз ара байланышын жана биримдигин чыңдоого багытталган иш — чараларды уюштуруу, ИИМ кызматкерлеринин эрдиктерин эскерүүгө багытталган коомдук жана патриоттук акцияларга активдүү катышуу белгиленди.

Жыйын Кеңештин жаңы курамы башталган ишин ийгиликтүү улантып, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, жаш кызматкерлерге тажрыйба берүү жана ИИМдин ардагерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында жаңы жетишкендиктерге жетишээрине ишеним менен жыйынтыкталды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button