Депутат жоолукчан окуучуларга асылган мугалимдерге укуктук баа берүүнү сунуштады

Түшүнүгү жок кээ бир мугалимдер жоолукчан окуучу кыздарга асылып жатат дейт депутат Жалолидин Нурбаев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында.
Ал мындай мамиле коомчулукта терс кабыл алынып жатканын белгиледи жана тийиштүү мамкызматтарга мугалимдердин аракетине укуктук баа берүүнү сунуштады.
«Билим берүү министрлиги, прокуратура конституциялык укук бузулган жокпу, текшериши керек. Эгер биз коргобосок, ким коргойт?» — деди депутат.
Эске салсак, буга чейин айрым мектептерде хиджабчан окуучу кыздардын жоолугун чечтирүүгө аракеттер жасалып жатканы соцтармактарда жарыяланган. Ага удаа Билим берүү министрлиги мындай маалыматтарды четке каккан.
«Конституцияда эч бир адам динине же башка макамына жараша дискриминацияга кабылбашы керектиги жазылган. Ар бир адамга дин тутуу эркиндиги кепилдендирилет. Кыргызстан көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет болуп саналат», — деп билдирген Билим берүү министрлиги.



