Улан Ниязбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча онлайн кеңешме өткөрдү

2024-жылдын 11-ноябрь күнү Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү.
Анда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу коопсуздук иш-чаралары, улуттук пландын аткарылышы жөнүндө маселелер каралды. Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.
Онлайн кеңешменин жүрүшүндө ИИМ башчысы шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча иш-чараларды алып баруу тапшырмасы буга чейин берилгенин дагы бир жолу эскертип кетти.
““Шайлоо мезгилинде коопсуздукту камсыздоо жөнүндө” Ички иштер министрлигинин комплекстүү иш-мерчемин бекитип, баарыңыздарга таратып бергенбиз.
Аталган иш-мерчемде, ички иштер органдарынын аткара турган негизги иш-чаралары так көрсөтүлгөн. Андыктан, бардык жетекчилер, Жарлыктын талаптарын жана Ички иштер министрлигинин иш-мерчемине чоң жоопкерчилик менен карап, коюлган тапшырмаларды өз учурунда аткарууну колго алыңыздар.
Азыркы тапта, республиканын бардык аймактарында шайлоо алдындагы үгүт иштери кызуу жүрүп жатат. Буга байланыштуу, жарандардын коопсуздугун сактоо, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин күчөтүлгөн тартипте алып барууну тапшырам.
Шайлоо өтүп жаткан мезгилде, көйгөйлөр жаралып, кемчиликтерге жол бериле турган болсо, анда ошол аймакка жооптуу болгон биринчи жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлө тургандыгын алдын ала эскертем», — деди өз сөзүндө Улан Ниязбеков.
Андан соң, Ички иштер министрлигинин кызматтарынын жана жер-жердеги ички иштер башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилерине тапшырмаларды берди.
-Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо мезгилинде бир дагы одоно тартип жана мыйзам бузууларга жол берилбесин;
-Акимдер, айыл өкмөттөр, мэрлер, айыл башчылары, аксакалдар, аялдар, жаштар кеңештери, күч түзүмдөрү жана аймактык шайлоо комиссиялары менен чогуу, шайлоону тынч өткөрүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер көрүлсүн;
-Кайсы бир аймакта, шайлоого байланыштуу элдин массалык нааразычылыгы, одоно тартип же мыйзам бузуулар орун ала турган болсо, анда ошол аймакка жооптуу болгон жетекчилер “алдын алуу жумуштарын алып барган жок” деген негизде катуу тартиптик жазага кириптер болушат. Бул талапты баарыңыздар жакшылап эсиңиздерге түйүп алыңыздар;
-Добуш сатып алууга, шайлоочуларды ташууга, документтерди бурмалоого, эл арасында чагымчыл маалыматтарды таркатууга, өз кызыкчылыгын көздөп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга жана башка ушул сыяктуу терс кесепеттерге алып келе турган бардык жагдайларга катуу бөгөт коюлсун;
-Жер-жердеги ички иштер органдарынын ыкчам-тергөө жана документтештирүү топтору, жетекчиликтен жооптуулар, нөөмөт бөлүктөрү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болүктөрү жана ыкчам кызматтар, күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын;
-“102” телефонуна түшкөн ар бир кайрылуу, жарандардан келген бардык арыз-даттануулар биринчи жетекчилер тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, жеринде ыкчам жана сапаттуу юридикалык баа берилсин;
-Шайлоого тиешелүү бардык ыкчам маалыматтар, ошол замат каттоого алынып, ыкчам кызматтар тарабынан кечиктирилгис иш-чаралар жүргүзүлсүн;
-Шайлоо өнөктүгү аяктаганга чейин, жер-жердеги биринчи жетекчилердин жоокерчилиги күчөтүлөт;
-Бардык айтылган маселелерди ирээтке келтирип, күч-каражаттардын эсебин дагы бир жолу ырастап, кызматкерлерди туура бөлүштүрүп, мыйзам жана одоно тартип бузууларга жол берилбесин;
ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков онлайн кеңешменин жүрүшүндө жогоруда белгиленип өткөн тапшырмаларды кынтыксыз аткарууну эскертти.
Онлайн режиминде өткөн кенешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.



