Коом
«Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрү эки айга тергөө абагында калтырылды

«Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина, партия мүчөсү Роза Турксевер эки айга тергөө абагында калтырылды.
Бул тууралуу жактоочусу билдирди. Бүгүн Свердлов райондук сотунда бөгөт коюу чарасы каралган.
Буга чейин Бишкек ШИИББи алар шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелип кармалганын маалымдаган.



