Коом

Бишкек-Балыкчы каттамында тез жүрүүчү поезд жүргүзүү долбоору иштелип чыкты

Ушу тапта Балыкчыдан Чолпон-Атага чейин темир жол куруу боюнча Беларустун компаниясы менен тыгыз иштер жүрүп жатканын «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди. 

Анын айтымында, беларустук компанияга техникалык документтердин баары берилген, алардын жообу келсе долбоордун баасы аныкталмакчы.

Буга чейин Бишкек — Балыкчы — Каракол багыты боюнча темир жол куруп, тез жүрүүчү поезддерди жүргүзүү пландалып жатканы айтылган. Поезд жол ачыла турган болсо Бишкектен Караколго жүргүнчүлөр 1,5-2 саатта жетип калат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 4,5 млрд доллар керектелет.

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button