Коом

Күйгөн бензовоздун айдоочусун куткарып көз жумган милиционерлерге мамлекеттик сыйлык ыйгарылды

Президент Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев менен кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү Дилмурат Шамшиевге III даражадагы Эрдик орденин ыйгаруу жарлыгына кол койгон. 

Кырсык былтыр 27-октябрда Бишкек — Ош жолунда болгон. Анда күйүүчү май ташыган унаа менен эки жеңил машина кагышып, үчөө тең күйүп кеткен. Жолдо бараткан эки милиционер күйүп жаткан бензовоздун айдоочусуна жардам берип, аны аман алып калышкан. Бирок катуу күйүк алып, экөө тең ооруканадан үзүлгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button