Коом
Москвада «Интервидение-2025» сынагы эртең башталат

20-сентябрда Москвадагы Live Arena сахнасында «Интервидение-2025» эл аралык музыкалык сынагы башталат. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги эл аралык сынакка жыйырмадан ашык өлкөнүн аткаруучулары катышаарын билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, абройлуу сынакка Кыргызстандын атынан «Жалгыз сага» ыры менен менен «Nomad» триосу катышат. Кыргыз артисттеринин өнөрүн көрсөтүү улуттук музыкалык искусствону дүйнөгө жайылтууда маанилүү кадам болуп саналат.
Дүйнөлүк масштабдагы шоу Улуттук каналдан, ошондой эле «Музыка» жана «Маданият» телеканалдарынан түз эфирде көрсөтүлөт.



