Муфтият дин ишмерлерине шайлоого аралашпоо чакырды

КР мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Абдулазиз Закиров облустук жана аймактык казыларга жыйын өткөрдү. Муфтияттан кабарлашкандай, анда дин ишмерлерине парламенттик шайооого аралашпоого эскертти.
«Алдыда шайлоо өнөктүгү келе жатат. Тиешелүү мыйзамдарга ылайык, диний кызматкерлер үгүт иштерине катыша албайт. Ушул жагына абдан маани берели. Расмий дин кызматкерлерине толук жеткириңиздер. Имамдарыбыз үгүт иштерине тартылып же мечит-медреселерибизде саясий көрнөк-жарнактар болбошу керек»,- деди Закиров.
Буга чейинки шайлоолордо айрым диний ишмерер үгүт өнөктүгүнө кыйыр жана түз аралашкан, кайсы бир талапкерди колдогон учурлар болгон.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун эреже-тартиби, талап өзгөргөн. Анда өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт.



