Коом

Бишкекте мотоцикл менен чыгып кетип дайынсыз болгон 15 жаштагы кыз табылды

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бир нече күн мурда үйүнөн мотоцикл менен чыгып кетип, дайынсыз болгон 15 жаштагы кызды табышты.

Милициянын маалыматына ылайык, 13-октябрда Свердлов РИИБге Н.К. аттуу жаран кайрылып, анын кызы К.А., 2010-жылы туулган, 12-октябрда саат 23:00 чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде мотоциклге отуруп, белгисиз тарапка кетип калганын билдирген.

Маалымат катталып, издөө иштери башталган.

19-октябрда Свердлов РИИБдин кызматкерлери өспүрүм кызды Ленин районунун аймагынан аман-эсен табышкан.

Азырынча окуянын чоо-жайы такталып жатат. Кыз ата-энесине өткөрүлүп, алар менен профилактикалык маек өткөрүлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button