Коом

Борбордо эки-үч аталыш берилген көчөлөрдү жалпылап атоо каралууда

Бишкек мэриясы шаардын кеңейип, аталыштар кайталанып жаткандыктан көчөлөрдү кайра атоо долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Долбоордун негиздемесине караганда, борбордогу көчөлөрдүн кыйла бөлүгү этап-этап менен көп жылдар аралыгында түзүлгөн. Мындан улам бир эле багытта бир нече аталыш пайда болуп кеткен. 

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкекке жаңы конуштар кошулуп, натыйжада кээ бир көчөлөргө өзүнүн аталышы бар башка көчө уланып калган учурлар дагы кездешет. 

Буга байланыштуу көчөлөрдү төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталууда: 

— Михаил Фрунзе көчөсүн (Новопавловка), Дэн Сяопин проспектин, Чүй проспектин жана Шабдан баатыр проспектин Чүй проспектине; 

— 7-апрель көчөсүн Курманжан Датка көчөсүнө; 

— Жайыл баатыр жана Кайыков көчөлөрүн, Абсамат Масалиев проспектин, Аалы Токомбаев проспектин Токомбаев проспектине; 

— Анварбек Чортеков, Кривоносов көчөлөрүн Абсамат Масалиев көчөсүнө; 

— Лев Толстой көчөсүн, Путепроводнаяны, Сары Өзөндү, Лев Толстойду Шабдан баатыр көчөсүнө; 

— Чыңгыз Айтматов проспектин, Манас көчөсүн Чыңгыз Айтматов проспектине; 

— Жаш Гвардия проспектин, Махатма Ганди көчөсүн Иманалы Айдарбеков көчөсүнө; 

— Селекционная жана Муромская көчөлөрүн Махатма Ганди көчөсүнө; 

— Юлиус Фучик көчөсүн жана Васильевский трактты Манас көчөсүнө; 

— Жибек Жолу проспектин, Жеңиш проспектин Жибек Жолу проспектине; 

— Максим Горький, Анкара көчөлөрүн Анкара көчөсүнө; 

— Чалагыз Иманкулов көчөсү менен Карыбек Тыналиев көчөсүн Тыналиев көчөсүнө; 

— Байтик баатыр көчөсүн, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов, Борбордук көчөлөрүн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө; 

— Береговая, Окраинная, Көк-Сай, Курманалиев, Набережная, Береговая көчөлөрүн Дэн Сяопин көчөсүнө; 

— Виноградная көчөсүн Лев Толстой көчөсүнө; 

— Гоголь көчөсүн (Новопавловка) Чалагыз Иманкулов көчөсүнө; 

— Ленский жана Юбилейный көчөлөрүн Жайыл баатыр көчөсүнө.

Тектеш кабарлар

Back to top button