Окуялар

Ысык-Көлдө 501 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдө 501 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Облустук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кырчын капчыгайында жайгашкан «Кырчын» турбазасынын мүлктүк комплекси 1997-жылы жеке жана юридикалык жактарга мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 501 млн сомду түзгөн аталган турбазанын мүлктүк комплекси жана ага тийиштүү болгон аянты 11 га жер мамлекетке кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button