Саясат
БШК 4 жаңы депутатка күбөлүктөр жана төш белгилерди тапшырды

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында төрт талапкерди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады.
Ага ылайык, депутаттык мандаттар төмөнкү талапкерлерге берилди:
Улугбек Ормонов (Курманкул Зулушевдин ордуна)
Мавлюда Калбердиева (Шайырбек Ташиевдин ордуна)
Бактыбек Чойбеков (Нурланбек Азыгалиевдин ордуна)
Алтынкүл Мурзакимова (Гүлсүнкан Жунушалиеванын ордуна)
Жаңы депутаттар расмий түрдө катталып, аларга күбөлүктөр жана төш белгилер тапшырылды.



