Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Таласта 220 чакырым жол жаңыланат

Талас облусунда жол куруу иштери башталды — адистер бекитилген титулдук тизмеге ылайык 61 чакырым жолду курууга киришти. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул тилкелер аймактын 2026-жылга карата транспорттук тармагын өнүктүрүү программасына кирет. Жалпысынан облус боюнча 220 чакырым жолду куруу жана оңдоо пландалууда.
Титулдук тизмедеги 61 чакырымдан тышкары дагы 160 чакырым жол «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси аркылуу каржыланып, курулуп жана жаңыланат.
Ведомстводо белгилешкендей, масштабдуу реконструкция Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата жүргүзүлүүдө — быйыл негизги майрамдык иш-чаралар Талас облусунда өтөт.
Транспорт министрлигинин планы боюнча, 31-августка чейин бардык пландалган объекттердин 70–80 пайызын бүтүрүү каралууда. Негизги көңүл мамлекеттик майрамга карата жол инфраструктурасын өз убагында даярдоого бурулууда.



