Кыргызстанда 440 миңден ашуун бала «Бала ырысы» жөлөк пулун алат

Кыргызстанда 440 миңден ашуун бала жаңы «Бала ырысы» жөлөк пулу менен камсыз болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Аида Ажиходжоева билдирди.
Анын айтымында, жөлөк пулга документтерди 1-июлдан тарта министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу же документтери санариптештирилген болсо, «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырууга болот. Документтери санарип форматка өткөрүлө элек жарандар Калкты тейлөө борборлоруна кайрылышы керек.
Жөлөк пул бала төрөлгөн күндөн тартып дайындалып, үч жашка чыкканга чейин ай сайын ар бир балага 1 200 сомдон төлөнөт.
Жөлөк пул төмөнкү учурларда берилбейт:
Бала үч жаштан ашып кетсе;
Бала каза болгон учурда;
Бала чет өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кеткенде.
Министр Канат Сагынбаев баланын жашоосундагы алгачкы миң күн анын физикалык жана акыл-эс жактан өнүгүшү үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, жаңы төлөмдүн өз убагында киргизилип жатканын айтты.
Аймактык бөлүмдөргө кайрылууда ата-эненин же арыз берүүчүнүн паспортунун көчүрмөсү (ПИН көрсөтүлгөн) жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү талап кылынат.
Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын болгон аймактардын жана өзгөчө макамдагы чек ара айылдарынын тургундары кошумча түрдө ошол жерде туруктуу жашаганын ырастаган каттоо маалыматын тапшырышы керек.



